Айыл өкмөтү бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт

Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн

муниципалдык кызматынын ички кадрлар резервине киргизүү боюнча

 

КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобуна  конкурс жарыялайт.

                                                                                                                                                                                  Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн финансылык -экономикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адис кызмат ордуна (бюджет,бухгалтердик эсесп,чыгашалар боюнча)  коюлуучу квалификациялык талаптар:

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим  (экономика жана башкаруу,бухгалтердик, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу)

 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

•    төмөнкүлөрдү билүү: 

Жалпы Мыйзамдар:

      1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

       2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы;

•    билгичтиги: 

Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

Документтерди,маалыматтарды,суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

       мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү  кат алышуу;

       кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

•    көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү

 

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (атайын папкада тиркелет):

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Документтер 2025-жылдын 15-сентябрынан 26-сентябрь саат 17:30га чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 08:30дан 17:30га чейин.

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.

Дареги: Терек-Суу айылы , Калчоро  көчөсү № 1, 

Байланыш телефондор: 996779885050.  0705070740

Конкурс:  https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланат.