Коен көчөсүнө саркынды жана жамгырдын суулары агып кетүүчү жаңы арык атайын техниканын жардамы менен салынууда

Терек-Суу айылына караштуу Коен көчөсүнө саркынды жана жамгырдын суулары агып кетүүчү жаңы арык атайын техниканын жардамы менен салынууда. Буга чейин топтолгон суулар агып чыгып кетүүчү атайын арык жок болгондуктан үйлөрдүн эшигин алдын суу каптап көйгөй жаратып келген.