Муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобунун ички кадрлар резервине КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн

муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобунун ички кадрлар резервине 

КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

                                                                                                                                                                           Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн “айыл өкмөтүнүн жерлерди трансформациялоо, жер мыйзамдарын сактоону жана пайдаланууну көзөмөлдөө, жерге жайгаштуруу боюнча кызмат оруну боюнча коюлуучу квалификациялык талаптар: 

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

•    тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүу багыттагы орто кесиптик билим  (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба жана айыл чарба илимдери,  геодезия жана жерге жайгаштыруу,  автоматташтыруу жана башкаруу,  техносфералык коопсуздук жаратылышты жайгаштуруу жана  гидромерология, архитехтуцра жана курулуш , токой ресурстарын кайталап ондуруу жана кайра иштетуу,  гелогия, чалгындоо жана кендерди иштетуу багытындагы);

 

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

 

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

•    төмөнкүлөрдү билүү: 

Негизги тест:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

     Предметттик тест: 

1.Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

2.Кыргыз Республикасынын “Жерди өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамы;

3.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы;

 

•    билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

 

• көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү;

 

КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (атайын папкада тиркелет):

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Документтер 2025-жылдын 18-ноябрынан  -01-декабрь саат 17:30га чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 09:00дан 18:00га чейин.

Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.

Дареги: Терек-Суу айылы , Калчоро  көчөсү № 1, 

Байланыш телефондор: 

Конкурс:  https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланат.