Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн
муниципалдык кызматынын ички кадрлар резервине киргизүү боюнча
КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобуна конкурс жарыялайт.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн финансылык -экономикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адис кызмат ордуна (бюджет,бухгалтердик эсесп,чыгашалар боюнча) коюлуучу квалификациялык талаптар:
1) кесиптик билимдин деңгээли:
тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу,бухгалтердик, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу)
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
• төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы Мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар:
- Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасы;
• билгичтиги:
Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
Документтерди,маалыматтарды,суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
• көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү
КОНКУРСКА КАТЫШУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР (атайын папкада тиркелет):
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Документтер 2025-жылдын 15-сентябрынан 26-сентябрь саат 17:30га чейин кабыл алынат. Иш убактысы саат 08:30дан 17:30га чейин.
Квалификациялык талаптарга жооп бергендер гана конкурска катышууга чакырылат.
Дареги: Терек-Суу айылы , Калчоро көчөсү № 1,
Байланыш телефондор: 996779885050. 0705070740
Конкурс: https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланат.

