КОНКУРС.
Токтогул районунун Кетмен – Дөбө айыл аймагына караштуу Жаңы- Арык участкасынан 3-07-04-0037-0088 идентификациялык номери менен алынган мамлекеттик актыдагы жаңыдан трансформацияланган 72,05 га таштуу жайыт жерди кайрак айдоого айландырып дары чөптөрдү айдоо үчүн конкурс жарыялайт.
Конкурска коюлган талаптар.
- Өздүгүн тастыктоочу документтер (паспорт, күбөлүктүн көчүрмөсү)
- Жерди пайдаланууга алуу боюнча арыз.
- Жайыт жердин кыртыштык жагдайын айдоо жерге айландыруу боюнча жумуштарды аткарууга иш чаралары.
- Дары чөптөрдү өстүрүү боюнча жогорку органдардан алынган лицензиянын көчүрмөсү.
- Жумуштарды аткарууга дараметтүүлүгү (банктык эсептеринде акча каражатынын бар экендиги жана салык менен социалдык фонддон карызынын жоктугу боюнча маалымкат)
- Конкурска тапшырылуучу документтер 1- июндан 31- июнга чейин айыл өкмөтүнө конвертке чапталган боюнча тапшырылуусу тийиш.
- Конкурс 2- июль 2025- жылы саат 10-00 ачылат.

