Көпүрө-Башы участкасында жаңы №24 Нур бала бакчасы ачылды.

Иш-чарага Кыргызстандын Чикогодогу башкы консулу Б. Борбиев, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаев,Токтогул райондук мекеме жетекчилери, айыл аксакалдары катышты.

Бала бакча 75 орундуу.

Каржы булактары:

1. Дүйнөлүк банк ички ремонт иштерине 1 754 000 сом

2. Республикалык бюджет ички эмеректерге 1 188 000 сом.

3. Жергиликтүү бюджеттен сырткы фасад, айланасын тосуу, килем, парда ж.б иштерге 2 280 670 сом.